Кырчынга унаалар киргизилбейт: Конокторду коомдук транспорт акысыз ташыйт

Коом 1 сентябрь 2026 17:50
Кырчынга унаалар киргизилбейт: Конокторду коомдук транспорт акысыз ташыйт
copyright icon ИИМ

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрдан баштап Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосуна жеке унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилди.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, башка жолдор ачык, каттам жүрүп жатат.

Кырчын жайлоосуна баруучулар үчүн акысыз коомдук транспорт уюштурулду. Жарандар жеке унааларын төмөндөгү атайын уюштурулган унаа токтотуучу жайларга токтото алат:

  • Бает айылы, “Чайка” эс алуу жайы;
  • Бактуу-Долоноту айылы, “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплекси;
  • Григорьевка айылы, муниципалдык чарбанын короосу;
  • Григорьевка айылы, мектептин спорт аянтчасы;
  • Семеновка айылы, чарба короосу;
  • Ананьево айылынын түштүк тарабы;
  • Жаркынбай айылынын түштүк тарабы, кире бериш бөлүгү.

Акысыз коомдук транспорт жогорудагы белгиленген жерлерден жүрөт.

Белгилей кетсек, Кырчын жайлоосуна баруучу жол коомдук транспорт үчүн бир тараптуу уюштурулду. Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин бир багытта жүрүүгө болот.

“Урматтуу коноктор, белгиленген эрежелерди бузбай, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылып турган милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так аткарууга чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.