Кырчындагы көчмө ооруканада кандай жардамдар көрсөтүлөт? — Кабар

Кырчындагы көчмө ооруканада кандай жардамдар көрсөтүлөт?

Көчмөндөр оюндары-2026 31 август 2026 12:05
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына жана конокторуна медициналык жардам көрсөтүү үчүн Кырчын капчыгайында көчмө оорукана уюштурулду. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын Апааттык медицина борборунун бөлүм башчысы Нарынбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, бул жерде медициналык жардамдын бир нече түрүн көрсөтүүгө жана оор жаракат алган бейтаптарга шашылыш жардам берүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Көчмө госпиталдын курамында кабыл алуу, амбулатордук жана тиешелүү медициналык жардам көрсөтүүчү бөлүмдөр иштейт.

Мындан тышкары, госпиталда диагностикалык бөлүм каралган. Анда бейтаптарга электрокардиография (ЭКГ), рентгендик изилдөө жана лабораториялык диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Ошондой эле көчмө ооруканада дарыкана иштеп, ал зарыл болгон дары-дармектер жана медициналык каражаттар менен камсыздалган.

"Мындан тышкары, операцияга чейинки, операциялык жана реанимациялык бөлүмдөр бар. Эгер оор жаракат менен бейтап кайрылса, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, зарыл болгон учурда операциялык жардам берүүгө да шарт түзүлгөн.
Ошентип, Кырчындагы көчмө оорукана жеңил учурларда амбулатордук жардам көрсөтүүдөн тартып, оор жаракат алган бейтаптарды кабыл алуу, диагностикалоо, операция жасоо жана реанимациялык жардам көрсөтүүгө чейин медициналык кызматтарды уюштурууга ылайыкталган", - деди Нарынбек Акматов.