Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчындагы этно-базар кардарларга кызмат көрсөтүүдө.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги этно-базардын атмосферасын жана көчмөндөр маданиятын чагылдырган улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары жана салттуу товарлар көрсөтүлгөн базардан сүрөттөрдү жарыялады.
Белгилей кетсек, "Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.