Кырчында чет элдиктер милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти

Аймак 7 сентябрь 2026 09:45
copyright icon ИИМ

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн Кырчын жайлоосуна келген чет өлкөлүк коноктор милиция кызматкерлеринин ишине жогору баа берип, ыраазычылыктарын билдиришти.

ИИМдин маалыматына караганда, коноктор укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин сылык мамилесин, көңүл буруусун жана коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоодогу кесипкөйлүгүн белгилешти.

"Ошондой эле милиция кызматкерлеринин арасында чет тилдерди билгендер көп экенин айтып, бул чет өлкөлүк жарандар менен эркин баарлашууга жана зарыл учурда жардам көрсөтүүгө жакшы шарт түзгөнүн белгилешти", - деп айтылат маалыматта.