Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл электр тармактар ишканасы Кырчын жайлоосунда жайгашкан объектилерди ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштерди улантууда.
Ишканадан билдиришкендей, бул аракеттер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында жасалууда.
"Учурда Кырчын жайлоосунда кубаттуулугу 630 кВА беш комплекттүү трансформатордук көмөк чордон жана кубаттуулугу жана 250 кВА болгон бир көмөк чордон орнотулду. Ошондой эле чыңалуусу 10 кВ болгон 0,35 чакырым кабелдик электр берүү линиясы тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле буга чейин жалпы узундугу 94,2 чакырым СИП зымдары тартылып, 552 даана темир-бетон мамы орнотулган.
Мындан тышкары, "Григорьевка" 110/10 кВ көмөк чордонунда чыңалуусу 110 кВ болгон эки заманбап элегаздык өчүргүч орнотулат. Жаңы жабдуулар кыска туташуу болгон учурда автоматтык түрдө өчүрүү функциясына ээ болуп, электр чынжырларын жүктөм алдында кошуу жана өчүрүү үчүн кызмат кылат. Бул электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана энергетикалык системанын коопсуздугун кыйла жогорулатат.
Белгиленгендей, бул иштер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын объектилерин үзгүлтүксүз жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого, ошондой эле Ысык-Көл облусунун энергетикалык инфраструктурасынын ишенимдүүлүгүн мындан ары да жогорулатууга багытталган.