Кырчында нөшөрлөгөн жаанга карабастан элдин маанайы ачык

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 16:50
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Кырчын жайлоосунда нөшөрлөгөн жаан жаап жатканына карабастан, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген коноктордун маанайы ачык. Жайлоодо оюн-зоок жана маданий программа уланууда.

Жаанга карабай, улуттук оюндар, концерттик программалар жана башка маданий иш-чаралар өтүп жатат. Коноктор кыргыз элинин салт-санаасы, кол өнөрчүлүгү жана улуттук маданияты менен таанышууда.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Аренада" өттү. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.