Бишкек, 20.07.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосуна алып барчу жалпы узундугу 35,5 чакырымды түзгөн унаа жолу толугу менен жаңыланып, асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Долбоордун алкагында жол катмары жаңыланып, жол жээктери бекемделди. Ошондой эле жол белгилери жана коопсуздук тосмолору орнотулуп, унаалар үчүн атайын токтотуучу жайлар курулууда.
Жаңыланган жол Кырчын жайлоосуна каттаган жарандар жана туристтер үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап транспорттук шарттарды камсыздайт.
Белгиленгендей, жолду реконструкциялоо иштери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлдү.