Кылычбек Султан Пакистандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат Загрузка... 28 Август 2025 09:00
IMG-20250822-WA0024 (1).jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Кыргыздын элчиси Кылычбек Султан Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардариге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Салтанаттуу иш-чара Исламабад шаарындагы президенттик "Айван-е-Садр" сарайында Ардактуу кароолдун катышуусунда жана бардык дипломатиялык протоколдорду сактоо менен өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кыргызстандын президентинин жана элинин атынан Пакистанда жакында болгон табигый кырсыктардын курмандыктарына байланыштуу терең кайгыруу жана көңүл айтуу сөздөрүн жеткирди.

Президент Зардари көрсөткөн колдоо жана тилектештик үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар салттуу достук мамилелерди мындан ары чыңдоо жана саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактардагы кызматташууну өркүндөтүү ниетин тастыкташты.

Пакистандын президенти Кыргызстанды табияттын кооздугу жана элинин меймандостугу үчүн жогору баалап, Кыргызстанга келүү ниети бар экенин билдирди.