Бишкек, 11.11.25 /Кабар/. Жер ресурстарын башкаруу агенттигинин санариптик трансформация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айдар Сукенбаев “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде кыймылсыз мүлктүн баасынын өсүү себептери тууралуу айтып берди.
Сукенбаевдин айтымында, негизинен кыймылсыз мүлктүн баасынын өсүшү инфляцияга байланыштуу.
“Инфляциянын көрсөткүчү бул жалпы баалардын өсүшү, анын ичинде курулуш материалдарынын кымбатташы да кирет. Тилекке каршы, көп курулуш материалдарды биз өзүбүз чыгара албайбыз. Мисалы, цемент, арматура сыяктуу негизги материалдарды сырттан импорттойбуз. Ал эми жергиликтүү өндүрүш керектөөнү толук камсыз кыла албайт. Натыйжада, баалар кымбаттап жатат,” - деди Сукенбаев.
Ал баанын өсүшүнө таасир эткен дагы бир фактор катары турак жай курууга ылайыктуу жер тилкелеринин азайып баратканын жана ички миграциянын өсүшүн белгиледи.
“Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, өткөн жылы Бишкек жана Ош шаарларында ички миграция күч алган. 2025-жылдын башында Бишкек шаарынын калкы 2,1%га өскөн, бул болжол менен 9 миң жаңы үй-бүлө кошулду дегенди билдирет. Эгер ар бир үй-бүлөгө бир бөлмөлүү батир керек деп эсептесек, анда шаарда кошумча 40 чарчы метрден миңдеген батирлерге муктаждык жаралат. Бул баанын өсүшүнө түздөн-түз таасир берет,” - деп кошумчалады ал.