Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. 3-октябрда Кыргызстандын квадроцикл федерациясы Кашка-Суудан "Ак-Таш" лыжа базасына чейинки тоолуу аймакта, анын ичинде ага жакын капчыгайларда масштабдуу экологиялык ишембилик өткөрдү.
Акциянын жүрүшүндө катышуучулар бир тоннадан ашык таштанды чогултуп, чыгарышты. Ишембиликке 20-25ке жакын квадроцикл айдоочусу катышты.
Кыргызстандын квадроцикл федерациясынын өкүлү Элдияр Манаптын айтымында, мындай экологиялык акция 10 жылдан ашык убакыттан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Адатта ишембилик кар эригенден кийин эрте жазда же кыш түшө электе күзүндө уюштурулат.
"Буга чейин акцияны чагылдырган эмеспиз, ошондуктан бул тууралуу дээрлик эч ким билчү эмес. Азыр экология тууралуу көп айтылып, квадроцикл менен мотоцикл жаратылышка зыян келтирет деген пикирлер айтылууда. Бирок чындыгында негизги таштандыны бул жерге эс алууга келген адамдар калтырышат", - деди ал.
Ошондой эле ал тоолуу аймактарда жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү ижарага берилген квадроциклдерди колдонорун белгиледи. Анын айтымында, айрым ижарачылардын жоопкерчиликсиз мамилеси жалпы квадроцикл айдоочулар тууралуу терс пикирдин калыптанышына себеп болууда.
Федерациянын өкүлү туруктуу квадроцикл айдоочулар үчүн бул спорттун кыйла кымбат экенин белгиледи. Спорттук квадроциклдердин баасы болжол менен 15 миң доллардан башталып, 30-35 миң долларга чейин жетет.
Экологиялык акциялардан тышкары, Кыргызстандын квадроцикл федерациясы эл аралык мелдештерге да катышат. Атап айтканда, Алматы шаарында өткөн акыркы KANAM Trophy мелдешинде кыргызстандык спортчулар биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлешкен.
Манаптын айтымында, Кыргызстанда квадроциклчилердин коомчулугу болжол менен 15 жыл мурда түптөлө баштаган.
Акциянын катышуучулары тоолордун тазалыгын сактоо экологиялык демилгелердин гана эмес, ар бир эс алуучунун жоопкерчилигине да байланыштуу экенин белгилешти.
Айпери Кожоева