Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. “Жети-Өгүз”, “Голубой Ысык-Куль” пансионаттарында жана “Улан” балдардын ден соолукту чыңдоо борборунда учурда активдүү модернизациялоо жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнова билдирди.
“Үч объектти тең быйыл күздө пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Мындан сырткары, калган пансионаттарда дагы майда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Президенттин Иш башкармалыгы Кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан убактылуу берилген бир нече объектилерди акырындык менен жана жыл сайын толук модернизациялоодон өткөрүп, пайдаланууга берүүнү пландаштырууда”, - деди ал.
Үсөнова ошондой эле бардык 29 санаторий жана пансионаттарды толук реабилитациялоо жана модернизациялоо иштери аяктагандан кийин Кесиптик бирликтер федерациясынын имараттары федерацияга кайтарылып берилерин кошумчалады.