Кувейттеги кыргызстандыктар Эгемендүүлүк күнүн майрамдашты

Маданият Загрузка... 02 Сентябрь 2025 16:34
WhatsApp Image 2025-09-01 at 00.01.07.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 02.09.25 /Кабар/. 31-августта Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинде мекендештердин катышуусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата кабыл алуу уюштурулду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, мекенден алыс жүргөн журтташтарга көз карандысыздык күнү патриоттук жана жылуу маанайдагы атайын майрамдык программа тартууланды.

Элчи Нурлан Токобаев өз сөзүндө кыргызстандыктарды баа жеткис мурас – Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, Кыргызстандын акыркы жылдардагы жетишкендиктери тууралуу кеңири айтып берди.

Аны менен бирге элчи жакынкы аралыкта Кувейтте кыргыз кинолорунун көргөзмөлөрү тартууланары жана 2026-жылы кыргыз маданий күндөрү өткөрүлүшү жөнүндөгү элчиликтин пландары менен бөлүштү.