Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында Психологиялык борбор ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын улуттук психологдор коомунун жетекчиси, юридика илимдеринин доктору Чынара Шакеева "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ЖОЖдордун базасында Психологиялык борбор алгачкы жолу ачылууда. Жаңы борбор өлкөдөгү психология илимин өнүктүрүүдө, психологиялык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууда маанилүү орунду ээлемекчи.
"Психология илими, анын жардамы биздин коомго азыр абдан керек болуп жатат. Балдар, жаштар арасында, үй-бүлөдө зомбулук маселеси актуалдуу бойдон калууда. Кадрларды тандоодо да маселелер болууда. Демек, кайсы гана тармакты карабайлы бардык жерде психология илиминин жардамына муктаждык жаралып жатат.

Ошондуктан психология боюнча туура билим, жардам бергенге умтулуудабыз. Бүгүнкү күндө адамга өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча кеңеш берүүгө аракет кылгандар көбүнчө акча табууга кызыгып жатат. Биз ушул жаңы ачылган борборубуз аркылуу жарандарга туура профессионалдуу жардам берүү үчүн адистерди даярдоого, психология илиминин коом үчүн да жардамын тийгизүүгө аракет жумшайбыз", - деди Чынара Шакеева.