Балдардын жана өспүрүмдөрдүн психикалык ден соолугу алардын ар тараптуу өнүгүүсүнүн маанилүү аспектиси. Ата-энелер эмнеге көңүл бурушу керек, баланын эмоционалдык абалын кантип колдоого болот жана бул процессте үй-бүлө менен коомдун ролу кандай экендиги тууралуу “Кабар” агенттигине психолог жана психотерапевт, “Психоанализ” психотерапия борборунун директору Карлыгаш Акимкулова айтып берди.
— Балдардын жана өспүрүмдөрдүн психикалык ден соолугу деген түшүнүк өзүнө эмнелерди камтыйт?
— Бул баланын жашынан көз каранды. Ар бир жаш курактын өзүнүн айырмачылыктары бар. Бирок жалпысынан алганда, эгерде биз 5-6 жаштан жогорку курактагы балдарды жана өспүрүмдөрдү алсак, бул биринчи кезекте эмоционалдык өнүгүү. Эмоционалдык интеллект деген бул кубана билүү, күлүү, көңүл ачуу, кайгыруу, ачуулануу, башкача айтканда өзүнүн түрдүү эмоцияларын эркин билдирүү жөндөмү.
Ошондой эле окууга болгон жөндөмдүүлүк бул уга билүү, суроолорго жооп берүү, кандайдыр бир тапшырмаларды аткаруу дегенди түшүндүрөт. Анткени балдар мектепке же бала бакчага барышат, ал жерде окутуу жана сабак учурунда белгилүү бир убакыт алкагына чыдоо көндүмү керек.
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн курбулары, мугалимдери жана чоңдор менен мамиле түзө билүү, баарлашуу эрежелерин билүү, командада ойноо маанилүү.

— Эмне үчүн баланын психикалык абалына кичинекей кезинен тарта көңүл буруу керек?
— Бала психикалык жактан дени сак болуп өсүшү үчүн кичинекейинен тарта коопсуз жана туруктуу чөйрө керек. Тактап айтканда, ата-энесинин же алардын биринин баланын жанында болушу, тынчсыздандырган кырдаалдардын жана кандайдыр бир коркунучтардын мүмкүн болушунча аз болушу шарт.
Ошондой эле эрте жаштан баштап баланын өздүгүнө көңүл буруу зарыл: суроолорду берүү, анын маанайы, каалоолору жана ойлорун угуу керек. Башкача айтканда, аны өзүнчө инсан катары кабыл алуу зарыл. Анткени бул балага ишеним бергендиктен, кийинки жашоосу жеңил болуп, келечекте кыйынчылыктарды оңой эле чече алат.
Бала үйүндө аны жакшы баасы же тил алчактыгы үчүн эмес, жөн гана бар болгону үчүн жакшы көрүшөрүн билиши маанилүү. Мына ошондо гана бул ага ашыкча тынчсыздануу жаратпайт жана туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз болуп берет.

— Баланын психикалык ден соолугу чоңдордукунан эмнеси менен айырмаланат?
— Баланын психикасы чоң кишиникинен дагы деле өнүгүп жаткандыгы менен айырмаланат. Жалпысынан баланын психикасы 22–24 жашка чыкканда гана толук калыптанып бүтөт. Ошондуктан бул куракка чейинки өнүгүү чоң мааниге ээ. Чоң кишиден айырмасы бала эмоционалдык жактан туруксуз келип, өз эмоцияларын чоңдор сыяктуу көзөмөлдөй албайт. Ошондой эле ал курчап турган чөйрөдөн көз каранды.
Мисалы, мектепте окуучу мугалимден, анын маанайынан көз каранды болот. Эгерде өспүрүм жагымсыз чөйрөгө туш болсо, бул анын абалына терс таасирин тийгизет. Эгер чөйрөсү жакшы болсо, бул анын психикалык абалына оң таасир этет.
Чоң киши өз алдынча чечим чыгара алат. Мисалы, жумушунда шарттар начар болсо, ал жумуштан чыгып кете алат. Баланын мындай мүмкүнчүлүгү жок, ал мектепти жөн эле таштап кете албайт же өзүн курчап турган чөйрөнү өз алдынча өзгөртө албайт.
Бардык эле балдар ата-энесине өз көйгөйлөрүн айтып берип же жардам сурай алышпайт. Ошондуктан балага чоңдордун, өзгөчө ата-эненин көңүл буруусу абдан маанилүү.
Мындан тышкары, бала жана өспүрүм өзүн-өзү таануу жана калыптануу процессинде экенин эске алуу зарыл. Анын кызыгуулары өзгөрүп турушу мүмкүн: бүгүн ага иштин бир түрү жакса, эртең башкасы жагып калат. Бул анын жаш курагы үчүн табигый көрүнүш.
— Баланын туруктуу психикасынын калыптанышында үй-бүлөнүн ролу кандай?
— Туруктуу психика үй-бүлөдө шарттар жакшы болгондо, үйдө тынчтык өкүм сүрүп, уруш-талаш, жаңжал, физикалык жана психикалык зомбулук жок болгон шартта калыптанат. Мындай учурда бала ашыкча кооптонуп тынчсызданбай туруктуу калыпта болот.
Ошондой эле үй-бүлө ага жашоонун үлгүсүн, сценарийин берет. Бала өз үй-бүлөсүн карап, ата-энеси көрсөткөн моделди мээсине сактап алат. Бала ата-энесин байкоо аркылуу мамиле түзүүгө үйрөнөт. Мисалы, үй-бүлөдө ата-энеси бири-бири менен сүйлөшпөсө, эмоцияларын, ойлорун жана сезимдерин билдиришпесе, анда бала да өзүн дал ошондой алып жүрөт.
Буга далилдер бар: бала мага келгенде, ата-энеси анын дайыма сүйлөбөй жүрөрүнө даттанышы мүмкүн, бирок ата-эне менен сүйлөшкөндө алар да баарлашууга жакын эмес экени байкалат. Бала ата-энесинин жүрүм-турумун кайталайт. Ал келечекте үй-бүлөдөн тышкары жерде да өзүн ушундай алып жүрөт.
Эгер үй-бүлөдө чыр-чатак болсо, бала үйдөн тышкары жерде да өзүн ошондой абалда алып жүрүп, окшош көрүнүштү издей баштайт. Ал эми бала сылык, адептүү үй-бүлөдө чоңойсо, анын жүрүм-туруму да ошондой болот.

— Баланын психикалык абалы үчүн күн тартиби, уйку жана тамактануу канчалык деңгээлде маанилүү?
— Сапаттуу уйку жана туура тамактануу баланын психологиялык туруктуулугуна жана жалпы абалына түздөн-түз таасир этет. Мисалы, бала эртең менен тамактанган болсо, мектепте сабак окуп, кыймылда болуу менен активдүү болот. Ошондой эле белгилүү бир убакыттан кийин түшкү тамак, ал эми кечинде үй-бүлө курчоосунда кечки тамак болорун билет.
Уйкуга келе турган болсок, бул психикалык абалдын негизги компоненттеринин бири. Уйку учурунда бала физикалык гана эмес, психикалык жактан да эс алат. Ал күн ичинде болгон окуялардан арылып, мээ жана психика түнү бою алынган маалыматтарды иштеп чыгат. Уйку учурунда таасирлерди иреттөө жана болгон окуяларды талдоо жүрөт. Ошондуктан эртең менен бала сергек болуп ойгонот. Бул балдарга эле эмес, чоңдорго да тиешелүү. Уйкунун бузулушу чарчоого, кыжырданууга, кайдыгерликке, ал гана эмес депрессияга да алып келиши мүмкүн.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул кеңири жайылган көйгөй: балдар да, чоңдор да уктар алдында телефондо көп убакыт өткөрүшүп, кыска видеолорду көрүп, социалдык тармактарды баракташат. Бул уйкунун сапатына терс таасирин тийгизген адат. Мындай адаттан арылуу өзгөчө, балдар үчүн маанилүү, анткени алардын нерв системасы калыптанып бүтө элек болгондуктан, толук кандуу эс алуу талап кылынат.
— Баланын психикалык ден соолугунда көйгөйлөр бар экенин кайсы белгилерден улам билсе болот? Ата-энелер качан адиске кайрылышы керек?
— Баланын жүрүм-туруму өзгөрө баштаганда ата-энелер тынчсызданышы керек. Мисалы, ал мурда токтоо болсо, күтүүсүздөн тынчы кете баштады же шайыр болсо, кийин көп ыйлай турган болду. Мүнөзү ачык-айрым болуп келип, күтүүсүздөн эле түнт болуп, достору менен сүйлөшпөй, бөлмөсүнөн чыкпай калса анын ички кыйынчылыктары бар экендигинин белгиси болушу мүмкүн.
Ошондой эле кээде бала өз көйгөйү жөнүндө айтпайт. Мисалы, бала бакчада же мектепте аны кимдир бирөө таарынтса ата-энесине айткандан уялат. Ошол эле учурда тез-тез ооруп бакчага, мектепке баруудан баш тартат. Тез-тез ооруп калуу жана сабакка баруудан баш тартуу — достору, мугалимдери менен болгон мамилени же окуу жүктөмүн көтөрө албай жатканынан кабар бериши мүмкүн.
Бул психосоматикалык реакциялар аркылуу да көрүнүшү мүмкүн: аллергиялык белгилер, гормоналдык бузулуулар жана башка абалдарга алып келет. Балдарда психологиялык абал менен физикалык ден соолуктун ортосундагы байланыш өзгөчө байкалат.

— Өспүрүм куракта ата-энелер эмнелерге көңүл бурушу керек?
— Өспүрүм куракта ата-энелер балага өзгөчө аяр мамиле жасап, тыгыз көңүл бурушу керек. Бирок бул катуу көзөмөл же ашыкча камкордук эмес. Өспүрүмдүн абалын сезүү менен мамиле кылуу маанилүү.
Биринчиден, анын дүйнө таанымы өзгөрөт. Ал өзүн издеп, ар кандай чөйрөлөр менен баарлашууга умтулат. Ошондуктан анын кимдер менен мамиле түзүп жатканына көңүл буруу зарыл. Бала бирде күлүп, бирде ыйлап, бирде ачууланып, эмоционалдык туруксуздук абалы да байкалышы мүмкүн. Бул баланын мүнөзү бузулуп кетти дегенди түшүндүрбөйт. Бул баладагы бой жетүү менен коштолгон психикалык жана гормоналдык өзгөрүүлөрдөн кабар берет.
Бул мезгилде өспүрүм эмоционалдык жактан абдан аярлуу болот. Ошондуктан ата-эненин сүйлөшүүсү өтө маанилүү — сөздөрдү кылдаттык менен тандап, баланын сезимдерине терс таасирден алыс болуш керек. Ошол эле учурда өспүрүм да белгилүү бир чектерди сакташы зарыл.
Өспүрүм курак бул чоң адам катары калыптануу мезгили. Бул учур көбүнчө алардын өз алдынчалыгын далилдөөгө умтулуу менен коштолот.
— Психикалык саламаттыгында кыйынчылыктары бар балдарды колдоодо коомдун ролу кандай жана аларга кантип жардам берсе болот?
— Коомдо психиатрларга же психологдорго психикалык оорулуулар менен гана иштеген адамдар катары терс көз караштар бар. Бул көйгөйү бар адамдардын адистерге кайрылуусуна тоскоол болот. Ошондон улам, башкалар билип калса туура эмес мамиле жасашат деп коркуу менен тартынып, адистерге барышпайт.
Коом психологиялык жардам жөнүндөгү түшүнүгүн өзгөртүшү керек. Мындай көйгөйгө ар бир адам туш болушу мүмкүн. Психика колдоого, терапияга жана дарылоого муктаж —физикалык абал сыяктуу эле ден соолуктун маанилүү бөлүгү. Психологдор, психиатрлар жана психотерапевттер адамдын жана бүтүндөй коомдун ден соолугу үчүн маанилүү ролду ойношот.
Мисалы, республикада балдар жана өспүрүмдөр психиатрлары абдан аз. Бул адистер учурда абдан зарыл жана колдоого муктаж. Жаштар бул адистиктерге барып, сапаттуу психологиялык билим алышы үчүн бул кесиптердин маанилүүлүгүн жайылтуу зарыл.
Ошондой эле социалдык тармактарда, өзгөчө үй-бүлөдөгү туура эмес мамилелер же трагедиялуу окуялар учурунда сын жана шылдың айтылган учурлар көп кездешет. Адамдар мындай учурларга түшүнүү жана боорукердик менен мамиле кылышса дейт элем. Сындабастан, тескерисинче чечүү жолдорун сунуштап, дени сак мамилени колдоо керек. Так ушул нерсе психологиялык жактан дени сак коомдун белгиси болуп саналат.