"Жусуп Баласагын” энциклопедиясынын 5 томдугунун бет ачары өттү

Коом Загрузка... 21 Февраль 2025 20:04
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук университет

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда башкы имараттагы чоң жыйындар залында президент Садыр Жапаровдун “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндөгү жарлыгын жүзөгө ашыруу алкагында Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган “Мамлекеттик тил жана көп тилдүүлүк: теориясы жана практикасы” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция жана “Жусуп Баласагын” энциклопедиясынын 5 томдугунун бет ачары болуп өттү.

Улуттук университеттен билдиришкендей, жыйынды мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, андан соң КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев сүйлөдү.

Ректор президент кол койгон «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндөгү жарлык өлкөбүздө жашаган бардык этностордун ынтымагын, биримдигин чыңдоого, алардын кыргыз жараны болууга, өз өлкөсүнө кызмат өтөөгө болгон ышкысын арттырууга алтын булак болуп калаарына токтолуп, өз өлкөсүн, коомун, үй-бүлөсүн сүйгөн, мамлекеттин экономикалык өсүшүн жана коопсуздугун камсыздаган жоопкерчиликтүү жарандардын жаңы муунун тарбиялоо Улуттук университеттин алдында турган ыйык жумуш экендигин баса белгиледи.

"Ошондуктан, президенттин жарлыгын аткаруу максатында Улуттук университетте иш кагаздарынын бардык түрлөрүн мамлекеттик тилде жүргүзүүнү, окутуучу-профессордук курамды жумушка кабыл алууда, студенттер менен магистранттарды, аспиранттар менен докторанттарды окууга кабыл алууда жана калыбына келтирүүдө кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо эрежелерин киргизүүнү, чет мамлекеттен келген студенттерге кыргыз тилин үйрөтүү максатында алты айлык окуу курсун уюштурууну, март айынан тартып ар бир жума күндөрү окуу жайга бардык окутуучу-профессор, кызматкерлердин жана студенттердин улуттук кийим кийип келүүсүн пландаштырып жатабыз.

Бул иш-чаралардын максаты – билим берүү жана таалим-тарбия ишинде улуттук баалуулуктарды кеңири жайылтуу, – деди Догдурбек Чонтоев.

Ошондой эле Улуттук университеттин 100 жылдыгына карата буга чейин “Жусуп Баласагын” энциклопедиясын түзүү боюнча демилге көтөрүлгөнүн, ал кызматка келгенден баштап аталган демилгени толук колдоого алганын айтты.

"Буга чейин “Улуттук университеттин 100 жылдыгына 100 китеп” ураанын чакырганбыз. Бүгүн ошол чакырыктын алкагында Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор Аттокур Жапанов тарабынан түзүлгөн “Жусуп Баласагын” энциклопедиясынын тушоосу улуу ойчулдун ысымын алып жүргөн Улуттук университетте биринчи болуп кесилип жатканы бизди кубандырат"-деди ал.

Анданс оң мамлекеттик гимн ойнолуп, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев менен “Жусуп Баласагын” энциклопедиясынын түзүүчүсү Аттокур Жапанов аталган энциклопедиянын символикалуу кызыл лентасын чечишкен соң, 5 томдук салынган кутулар жыйындын ардактуу конкторуна таратылып берилди.

Түрксой эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев (онлайн), КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегин (онлайн), президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы Альфира Супатаева, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Асан Жакшылыков, УИАнын ардактуу академиги жана мүчөсү Эсенбек Мамбетакунов, УИАнын салттуу маданият жана искусство бөлүмүнүн башчысы Кадыралы Конкобаев конференциянын катышуучуларына куттук сөздөрүн айтышкандан кийин, “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор, “Жусуп Баласагын” энциклопедиясынын автору Аттокур Жапанов чыгып сүйлөдү.

Ал аталган энциклопедиянын 5 томдугунун бүгүнкү конференцияга карата жарыкка чыгып калганына өтө кубанычта экенин билдирип, Улуттук университет президент Садыр Жапаровдун “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндөгү жарлыгын улап кеткен биринчи университет экендигин баса белгиледи.

"Ж.Баласагын атабыз өз эмгегин 54 жашында 18 айда бүтүрсө, мен да бул энциклопедияны 54 жашымда 18 айда бүтүрдүм",- деп билдирди ал.

Конференциянын пленардык отурумунда төмөндөгү баяндамалар окулду:

- Абакиров Курманбек Абакирович – Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, , КУУнун профессору: “Уңгу жол жана алгачкы энциклопедия”;

- Молдокасымов Кыяз Сатарович – “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун профессору: “Уңгу жол: Учур жана келечек”;

- Сырдыбаев Турат Токтобекович – КУУнун тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору: “Уңгу жол жана тарыхый-маданий баалуулуктар”;

- Дербишева Замира Касымбековна – КРСУнун дүйнөлүк тилдер жана цивилизация институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, филология илимдеринин доктору, профессор: “Статус русского языка как родного в Кыргызстане”;

- Караева Зинаида Караевна – филология илимдеринин доктору, Кыргызстан эл аралык университетинин профессору: “Чет тилдерин окутууда ЖИ колдонуу технологиялары”;

- Камбаралиева Уулкан Жолдошбековна – Борбордук Америка университетинин профессору, филология илимдеринин доктору: “Коммуникациялык жүрүм-турумду изилдөө – тил үйрөнүүнүн негизи катары:”

- Токсоналиева Асель Мусурапшаевна – PhD, доцент, кыргыз-кытай институтунун кытай тили жана адабияты билим берүү программасынын башчысы: “Кыргызстандагы кытай тилин окутуу өзгөчөлүктөрү”.

Белгиленгендей, президенттин “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндөгү жарлыгын жүзөгө ашыруу алкагында “Мамлекеттик тил жана көп тилдүүлүк: теориясы жана практикасы” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын иши төмөндөгү секцияларда уланды:

- Жогорку окуу жайлардагы мамлекеттик жана расмий тил: теориясы жана тажрыйбасы;

- Жогорку окуу жайлардагы билингвизм жана көп тилдүүлүк: теориясы жана тажрыйбасы.