Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандарга кутурма оорусунун коркунучун эскертип, өзүн жана жакындарын кантип коргоо керектигин айтып берди.
Ведомствонун маалыматына караганда, кутурма – жаныбарлар үчүн да, адамдар үчүн да өтө кооптуу вирус, ал оорулуу жаныбар тиштегенде же шилекейи аркылуу жугат. Бирок, адамдан адамга жукпайт. Эгер убагында дарыгерге кайрылбасаңыз – оору сөзсүз өлүмгө алып келет. Ар жылы дүйнөдө 10 миңдей адам кутурмадан каза болот. Алардын көпчүлүгү – балдар.
Алгачкы белгилери:
- дене табы көтөрүлөт;
- адам алсырап;
- уйкусу качат жана тиштеген жери кызарат.
Эгерде кийинки стадияда шилекей агып, карышуу, суудан жана жарыктан коркуу болсо, анда бул белгилер чыккандан кийин ооруну айыктыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан алдын алуу абдан маанилүү:
- ит-мышыктарды жыл сайын эмдетиңиз;
- көчөдө жүргөн жаныбарлардан алыс болуңуз;
- балдарга кароосуз жаныбар менен ойноого тыюу салыңыз;
- жаныбарыңыз агрессивдүү болуп, шилекейи агып адаттан тыш кыймылдаса – ветеринарга кайрылыңыз.
Эгер жаныбар тиштесе:
- жараатты суу жана самын менен жууңуз;
- йод же антисептик менен тазалаңыз;
- дароо дарыгерге кайрылыңыз.
Кутурма – алдын алууга боло турган оору.