Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. Куттуу-Сай-2 кениндеги сейрек кездешүүчү минералдардын запасы 2025-жылдын башына карата 63,3 миң тоннаны түзөөрүн жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алишер Калилов билдирди.
Анын айтымында, кенде 15 түрдүү минералдын запасы аныкталган, алардын ичинде:
• молибден — 3,6 миң тонна,
• күмүш — 129,9 тонна,
• висмут — 3,4 миң тонна,
• коргошун — 27,5 миң тонна,
• цинк — 23,8 миң тонна.
Министрдин орун басары Куттуу-Сай-2 кени Кыргызстандагы сейрек кездешүүчү элементтердин запасы боюнча эң ири кендердин бири болуп саналаарын жана өнөр жайды өздөштүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ экендигин белгиледи.
Мындан тышкары, Алишер Курманалиев Калесай кенинде 11,7 миң тонна бериллийдин запасы табылгандыгын, бул Кыргызстандын критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууда аймакка стратегиялык маани берерин билдирди.