Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Бишкекте куткаруучулардын кесиптик даярдыгы бааланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрү күжүрмөн жана атайын даярдык абалын баалоо боюнча текшерүүдөн өтүүдө.
"Контролдук текшерүүдө өздүк курамдын өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатуу, куткаруу кызматтарынын ыкчам аракеттенүү жөндөмдүүлүгү, материалдык-техникалык камсыздалышы жана кызматкерлердин кесиптик даярдыгы бааланууда",-деп айтылат маалыматта.