Бишкек, 02.09.25 /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги куш тумоосу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, куш тумоосу – үй жана жапайы канаттууларга таасир эткен вирустук оору.
Бул вирустун айрым түрлөрү адамга, өзгөчө оорулуу канаттуу менен тыгыз байланышта болгондо же чала бышкан этти жана жумуртканы жегенде жугушу мүмкүн.
Вирус кантип жугат?
Вирус адамдын организмине төмөнкүлөр аркылуу кириши мүмкүн:
- ооруган канаттууну багып жатканда;
- канаттуулардын кыгы, шилекейи же бөлүнүп чыккан суюктуктары менен байланыш болгондо;
- чийки этти же жумуртканы кармаганда;
- жапайы канаттуулар менен тыгыз байланышта болгондо.
Эгер оорунун белгидери байкалса эмне кылуу керек?
- ветеринарга же жергиликтүү администрацияга кабарлаңыз;
- өлгөн канаттууну кол капсыз кармабаңыз;
- башка адамдарды жана жаныбарларды мүмкүн болгон очоктон обочолонтуңуз;
- адистердин кеңеши менен короо-жайды жана имараттарды дезинфекциялаңыз;
- өзүңүздү начар сезсеңиз кечиктирбей дарыгерге кайрылыңыз.
Эсиңизде болсун!
Куш тумоосу – туура чараларды көрүү менен вирустун жайылышын токтотууга болот.
Жөнөкөй чараларды сактасак, коркунучту алдын ала алабыз.
Өзүңүзгө кам көрүп, жакындарыңызды да коргойсуз.
Эгерде канаттуу өлүп калса – жашыруунун кажети жок. Жөн гана адистерге кабарлаңыз. Бул вирустун тарашын алдын алууга жардам берет.