Курулушка квалификациялык сертификат алуу жөнөкөйлөштүрүлдү

Коом 19 июль 2025 09:00
550365140_18078644222068772_4391095095157393053_n.jpg
550267680_18078644240068772_7842518904961067399_n (1).jpg
550365140_18078644222068772_4391095095157393053_n (1).jpg
550267680_18078644240068772_7842518904961067399_n.jpg
550703658_18078644237068772_5789561081176886111_n (1).jpg
550703658_18078644237068772_5789561081176886111_n.jpg
Алдыга
Артка
550365140_18078644222068772_4391095095157393053_n.jpg
550267680_18078644240068772_7842518904961067399_n (1).jpg
550365140_18078644222068772_4391095095157393053_n (1).jpg
550267680_18078644240068772_7842518904961067399_n.jpg
550703658_18078644237068772_5789561081176886111_n (1).jpg
550703658_18078644237068772_5789561081176886111_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Өлкөдө курулушка квалификациялык сертификат алуунун жол-жоболору жөнөкөйлөтүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Малыматка ылайык, мамлекеттик квалификациялык сертификат — бул кесиптик жана билим деңгээлин мамлекеттик деңгээлде тастыктаган расмий документ.

Эми ушул квалификациялык сертификатты алуунун тартиби мурдагыга салыштырмалуу кыйла жөнөкөй жана жарандар үчүн ыңгайлуу болуп калды.

Буга чейин жарандар 10-12 адамдан турган комиссиянын суроолоруна жооп берип, жыйынтыгын билүү үчүн 2-3 күн күтөөр эле. Эгерде талапкер сынактан өтпөй калса, кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү бир жылдан кийин гана берилчү.

Азыркы жөнөкөйлөтүлгөн тартипке ылайык, процесс бир топ жеңилдетилди:

  1. Документтерди жөнөтүү. Алгач министрликтин расмий сайтындагы “Онлайн сертификат алуу” бөлүмүндө көрсөтүлгөн документтерди ПДФ форматында даярдап, certification.minstroy@mail.gov.kg электрондук дарегине жөнөтөсүз.
  2. Документтерди кароо. Жиберилген документтер 5 күндүн ичинде текшерилет. Андан соң жаран 1 айдын ичинде компьютердик тестирлөөгө чакырылат.
  3. Тестирлөө. Тандалган багыт боюнча 30 суроо берилет. Анын ичинен кеминде 21 суроого туура жооп берилсе, талапкер сынактан өттү деп эсептелет.
  4. Кайра тапшыруу. Эгерде 21 туура жооп чогултулбаса, талапкер кийинки күнү эле кайра тапшыра алат. Бул үчүн 248 сом өлчөмүндө мамлекеттик төлөм төлөнүп, квитанция certification.minstroy@mail.gov.kg дарегине жөнөтүлүшү керек.
  5. Сертификаттын берилиши. Тесттен ийгиликтүү өткөн жарандын мамлекеттик квалификациялык сертификаты министрликтин расмий сайтындагы “Берилген сертификаттардын реестринде” жарыяланат. Бул реестр расмий документ болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, жаңыдан кабыл алынган "Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык, компьютердик тестирлөөнү тапшыруу аракеттеринин саны чектелген эмес.