Курулуш тармагындагы өсүш. Кыргызстан ЕАЭБде алдыңкы орунга чыкты

Маек Загрузка... 04 Ноябрь 2025 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Кыргызстанда акыркы жылдары, өзгөчө курулуш тармагы тездик менен өнүгүүдө. Ар бир облус, район жана айылда жок дегенде бир же эки курулуш объектиси салынып же жаңыланып жатат. Турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, оорукана, спорт залдар жана маданий мекемелер негизги багыттардын катарына кирет. Мындан тышкары, өнөр жай жана инфраструктуралык объектилердин курулушу да активдүү жүрүп, аймактык өнүгүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошууда. Курулуш тармагындагы көрсөткүчтүн ыкчам өсүшү өлкө экономикасынын жалпы өнүгүүсүнө да таасир этүүдө. Көрсөткүчтөргө ылайык, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигиндеги мамлекеттер арасында курулуш темпи боюнча алдыңкы орунга чыкты. Өлкөдө жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кеңири айтып берди.

курулуш 2.jpg

Евразия экономикалык биримдигинде Кыргызстан курулуш темпи боюнча алдыңкы орунга чыкты. Бул көрсөткүчкө токтоло кетсеңиз?

— Мамлекетибиздин курулуш секторундагы өнүгүү Кыргызстанды Евразия биримдигинде алдыңкы орунга чыгарганы - чоң жетишкендик. Бул биринчи кезекте курулуш тармагына тартылган ички жана тышкы инвестициялардын өсүшү менен байланыштуу. Инвестициянын көлөмү көбөйгөнү өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө курулуш ички дүң продукция боюнча алдыңкы орунда турат. Бул дагы бир маанилүү жетишкендик. Мындан ары да бул багытта туруктуу өнүгүүнү камсыздоо зарыл. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча курулуш темпи өткөн жылга салыштырмалуу 169 пайызга өскөн. Жыл аягына чейин бул көрсөткүч дагы өсөт деп ишенем.

курулуш 4.jpg

Ал эми Евразия биримдигинин алкагында 2025-жылдын январынан августуна чейинки аралыкта курулуш иштеринин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 5,2%га өскөн. Жакында эле Өзбекстандан келген коноктор өлкөбүздөгү курулуштун ыкчам темпин көрүп, абдан таң калышты. Алар “Бул темп менен эки жылда бизге жетип каласыңар” деп суктанып кетишти. Бул биздин талыкпаган эмгек, туура саясат жана бирдиктүү аракеттердин жыйынтыгы. Буйруса, мындан ары да ушул темпте иштей берсек, алдыда дагы көп ийгиликтерге жетишебиз.

курулуш.jpg

Азыркы тапта өлкөдө курулуш иштери кайсы багыттарда активдүү жүрүп жатат?

— Бүгүнкү күндө өлкөдө курулуштун бардык түрү активдүү жүрүп, өсүү динамикасы байкалууда. Айрыкча, турак-жай курулушу алдыңкы орунда турат. Андан кийинки орунда өнөр жай объектилеринин курулушу турат. Үстүбүздөгү жылы мамлекет башчысынын тапшырмасы менен 100дөн ашуун өнөр жай объектисин пайдаланууга берүү максаты коюлган. Анын басымдуу бөлүгү ишке берилди жана учурда толук кандуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Калган объектилер жыл аягына чейин ишке берилет. Ал эми турак-жай боюнча айтсак, 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен 1,5 миллион чарчы метрден ашык турак-жай пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 2,5 миллион чарчы метрге жеткирүү пландалууда.

курулуш 1.jpg

— Курулуш тармагында жумушчу күчү жетиштүүбү? Алардын айлык маянасы башка тармактарга салыштырмалуу алда канча көптүгү айтылып келет?

— Бүгүнкү күндө жумушчу күчү жетиштүү. Атайын жүргүзүлгөн саясаттын негизинде башка өлкөлөрдөн да жумушчулар тартылып жатат. Кытай, Индия жана Бангладештен келген жумушчулар көп. Мурда биз жумушчу экспорттогон өлкө болсок, азыр жумушчу күчүн импорттогон мамлекетке айландык. Ошондой эле өлкөдө жүрүп жаткан өнүгүүнүн натыйжасында, чет жакта иштеп жүргөн мигранттарыбыз мекенине кайтып келишип, курулуш тармагына активдүү тартылууда. Айлык маянага келсек, азыркы тапта курулуш тармагындагы айлык Россия сыяктуу өлкөлөрдөгү деңгээлге жетти. Алсак, Россия Федерациясынан кайтып келген биздин жумушчулар, ошол Россиядан алган айлык маяналарын эле биздин өлкөдө алып жатышат. Бул жакшы көрүнүш. Мигрант өз мекенинде, үй-бүлөсүнүн жанында иштеп, эч кандай коопсуздук коркунучуна кабылбайт. Мындан тышкары, жумушчулардын укуктарын коргоо боюнча атайын тартиптер жана мыйзамдар иштелип чыгып, алардын укуктары мыйзамдуу түрдө корголууда.

курулуш 5.jpg

Учурда жалпы канча социалдык объект курулуп жатат? Жыл соңуна чейин дагы канчасы пайдаланууга берилет?

— Жалпысынан быйыл жыл аягына чейин 200дөн ашуун социалдык объектти пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Учурда алардын 150дөн ашыгы ишке берилди, калган 50дөн ашууну жыл соңуна чейин ачылат. Бул объектилерге жаңы курулган, капиталдык оңдоодон жана реконструкциядан өткөн имараттар кирет. Биз жыл сайын бул жааттагы көрсөткүчтөрдү жогорулатууга аракет кылып келебиз. Мисалы, былтыр 170 объектини пайдаланууга берген болсок, быйыл бул сан 200дөн ашты. Келерки жылы бул көрсөткүч мындан да жогору болот.