Курулуш министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү талкууланды

Коом 54 11 Август 2026 11:50
769442245_1561082982157412_2637178765064056733_n.jpg
768727722_1561082895490754_8031340045295025825_n.jpg
768969720_1561083025490741_4524254081333585205_n.jpg
768546186_1561083032157407_6092162236565656580_n.jpg
769318895_1561082892157421_5750810216263272783_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаевдин жетекчилиги алдында ведомствонун тутумунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү.

Жыйында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, башкаруу жана минималдаштыруу, ошондой эле коррупцияга каршы күрөш боюнча 2025–2030-жылдарга карата Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Болот Чолпонбаев коррупциялык иш-аракеттерди өз убагында аныктоо жана алдын алуу боюнча чараларды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын соңунда түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине бекитилген иш-чараларды өз убагында аткаруу жана отчетторду белгиленген мөөнөттөрдө тапшыруу боюнча тапшырмалар берилди.

Курулуш министрлиги коррупцияга каршы күрөшүү жана иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылууну артыкчылыктуу багыт катары улантат.