Курулуш министрлиги тарабынан 573 социалдык объектиде курулуш жүрүүдө

Коом Загрузка... 13 Август 2025 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек,13.08.25./Кабар/. Учурда Курулуш министрлиги тарабынан бардыгы 573 социалдык объектиде курулуш жүрүп жатат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 10.02.57.jpeg

Анын айтымында, Каржы министрлиги тарабынан курулуш иштерине 9 млрд сом бөлүнүп, 178 мектеп, 98 бала бакча, 21 саламаттык сактоо объектиси, 12 маданият үйлөрү, 35 спорт комплекси, андан тышкары 18 башка объектилер курулууда.

“Андан башка капиталдык оңдоп-түзөөлөргө да көптөгөн каражаттар бөлүнүүдө. Бардыгы болуп 182 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатса, анын ичинде 127си мектеп, 18 бала бакча, 19 саламаттык сактоо мекемеси, 10 маданият тармагындагы, 6 спорттук объектилер оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Быйыл Эгемендүүлүк күнү Жалал-Абад шаарында өткөрүлөрү маалым. Салтка айлангандай жылына Эгемендүүлүк күнүнө 100дөн объектилерди ишке берип жатабыз. Быйыл да 100дөн ашык объекти ишке берилгендиктен, учурда даярдыктар кызуу жүрүп жатат”,- деди Талантбек Иманакун уулу.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 10.38.06.jpeg

Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү боюнча бир катар иштер жүрүп, ишканалар ишке берилүү алдында турганын министрдин орун басары өз сөзүндө маалымдады.

“Аймактарга токтолсок, Нарын облусунда жыл аягына чейин 27 объектини тапшырабыз деп турабыз. Ал эми Эгемендүүлүк күнүнө 12 объектини ишке берүүгө даярданып жатабыз. Баткен облусу боюнча 6, Ош облусу боюнча 27 объект, Жалал-Абад облусу боюнча 35 объект, Ысык-Көл облусу боюнча 28 объект, ал эми Чүй облусунда 27 объектини тапшырабыз”,- дейт ал.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда 128 жаңы ишкана ачылып, 15 миңден кем эмес жумуш орундары түзүлөрү маалымдалган.