Курулуш министрлиги онлайн-төлөм киргизүүнү карап жатат

Коом 22 август 2025 12:19
whatsappimage20250822at1059591-3268a7fa63bd2f99.24402998.jpg
whatsappimage20250822at1059592-55868a7fa63c25b81.20828924.jpg
whatsappimage20250822at1059593-46468a7fa63be28c2.89476311.jpg
whatsappimage20250822at105959-46168a7fa63bf8cf8.32401031.jpg
whatsappimage20250822at110000-44668a7fa63c0e743.05368028.jpg
whatsappimage20250822at1059581-36268a7fa63c03402.50826708.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги онлайн-төлөм үчүн санариптик чечимдерди карап жатат.

Ведомствонун маалыматына караганда, күн мурун министрдин орун басары Бактыяр Станбековдун жетекчилиги астында "Айыл Банк" ААКтын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Иш-чарада президенттин аппаратынын тапшырмасына ылайык, ишке ашырылып жаткан ABilling платформасынын негизиндеги QR-коддорду түзүү мүмкүнчүлүгү бар автоматташтырылган төлөм башкаруу системасы тааныштырылды.

Ошондой эле бул системаны архитектуралык органдардын ишине киргизүү, анын ичинде уруксат берүүчү документтерди берүү, кыймылсыз мүлк объектилерине өзгөртүүлөрдү каттоо жана курулушу аяктаган имараттарды пайдаланууга берүүдө талаптарга шайкештигин баалоо сыяктуу процесстерге ылайыкташтыруу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында архитектуралык органдардын муктаждыктарына жараша системаны модернизациялоо жана адаптациялоо чечими кабыл алынды.

Күтүлүп жаткандай, заманбап аралыктан төлөм жүргүзүүнү киргизүү процедураларды жөнөкөйлөтүп, алардын ачыктыгын жогорулатып, жарандар менен уюмдар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат.