Курулуш министри иш тартиби тууралуу: Кээде унаада түнөөгө туура келет

Коом Загрузка... 09 Июль 2026 10:00
WhatsApp_Image_99qPQTT.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өзүнүн иш графиги тууралуу айтып берип, иш бөлмөсүнүн уюштурулушу менен тааныштырды.

Ведомство башчысынын айтымында, өлкөнүн бир нече аймактарына жасалган үзгүлтүксүз иш сапарлардан улам, кээде унаада түнөөгө да туура келет.

“Атүгүл машинеде түнөгөн учурлар болот. Себеби бир жуманын ичинде бир эле учурда бир нече облустагы объекттерге чыгууга туура келет”, — деп түшүндүрдү министр.

“Биринчи радиодогу” эртең мененки түз эфирден кийин Нурдан Орунтаев өзүнүн иш бөлмөсүнө келип, журналисттерге өлкө боюнча курулуп жаткан курулуш объекттерин онлайн режиминде көзөмөлдөө системасын көрсөтүп берди.