Курулуш министри №5 мектептеги капиталдык оңдоо иштерин текшерди

Коом Загрузка... 19 Август 2025 10:07
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 19.08.2025. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жаңы окуу жылына карата даярдалып жаткан бир катар социалдык объектилерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, текшерилген объектилердин арасында Курулуш министрлиги тарабынан 44 жылдан кийин капиталдык оңдоодон өтүп жаткан Бишкек шаарындагы №5 А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи да бар.

Нурдан Орунтаев мектеп-лицейдин учурдагы абалы менен таанышып, курулуш иштеринин сапатын камсыздоо үчүн күнүмдүк көзөмөлдү уюштурууну тиешелүү кызматкерлерге тапшырды.

3 кабаттуу мектеп-лицейи 1900 окуучуга ылайыкталган, төрт блоктон турат. Жыйындар жана спорт залы бар. Мектептин жалпы аянты 2 297 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, мектеп 1980-жылы жатаканасы менен курулуп, андан бери бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жаңылоо иштерин окуу жылынын башталышына карата бүткөрүү пландалууда.