Курулуш министри 20 млн сомдук жаңы атайын техникаларды көрсөттү

Коом Жүктөлүүдө... 09 Июль 2026 10:55
1.webp
WhatsApp_Image_bsOR9JE.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_PvSm379.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
1.webp
WhatsApp_Image_bsOR9JE.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_PvSm379.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында инженердик-геологиялык изилдөөлөргө багытталган жаңы атайын техникаларды тааныштырды.

Анын айтымында, бир Камаздын баасы 20 млн сомго чейин жетет. Техникалардын бардыгы 2026-жылы чыгарылып, Россиядан алып келинген.

"Жалпысынан бүткүл Кыргызстан боюнча 42 даана ушундай техника бар", - деди министр.

Орунтаев бул техниканын иштөө принцибин түшүндүрүп, ал кыртышты 200 метр тереңдикке чейин бургулап, андан соң үлгүлөрдү алып, изилдөө жүргүзүү үчүн лабораторияга жөнөтөрүн белгиледи.