Курулуш компаниялардын уставдык капиталы 100 млн сом болушу зарыл – Орунтаев

Экономика Загрузка... 10 Декабрь 2025 16:30
WhatsApp Image 2025-12-10 at 15.57.58.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Жаңы киргизилген механизмге ылайык, курулуш компаниялар курулуш иштерин баштоодо уставдык капиталы чарчы метрине жараша 100 млн сомдон кем болбошу керек. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин айрым жеке компаниялар өз мүмкүнчүлүгүн так эсептебей туруп, курулуштарды баштап, батирлерди сатып жиберип, бирок курулушту бүтүрбөй калган учурлар көп болгон.

“2024-жылдын январь айынан тарта бул маселени жөнгө салуу үчүн жаңы механизм киргизилди. Ага ылайык, курулуш компаниясынын уставдык капиталы чарчы метрине жараша 100 млн сомдон кем болбошу керек. Бул каражат көйгөйлөр жаралганда курулушту бүтүрүү үчүн компенсация катары колдонулат”,- деди министр.

Ал кошумчалагандай, мурда башталган, бирок аягына чыкпай калган курулуштар боюнча да иштер жүрүп жатат. Алсак, “Дөөлөт” курулуш компаниясы боюнча маселе чечилүүдө.

“Курулушту аягына чыгарбай койгон бардык жеке компанияларга карата тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Айрым учурларда укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болуудабыз. Кээ бир компаниялар жоопкерчиликке тартылып, жазасын алып жатышат”,- деди ал.