Курулуш бизнесине негизсиз кийлигишүүгө жол берилбейт – прокуратура

Коом Жүктөлүүдө... 14 Июль 2026 12:40
1.jpg
745236010_1000584546039965_4448124381697288173_n.jpg
745644643_1353916830172060_1197722039738167397_n.jpg
746528427_2324988154701585_9056473053472560393_n.jpg
747862796_1932162634158592_3975247067385119117_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
745236010_1000584546039965_4448124381697288173_n.jpg
745644643_1353916830172060_1197722039738167397_n.jpg
746528427_2324988154701585_9056473053472560393_n.jpg
747862796_1932162634158592_3975247067385119117_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Башкы прокурор Малик Бектурганов курулуш тармагында иш жүргүзгөн ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен жолукту.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жолугушуу ишкердикти коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун, ошондой эле мамлекеттик органдардын бизнестин ишине негизсиз кийлигишүүсүнө жол бербөөгө багытталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдар тарабынан жер тилкелерин берүүдө, уруксат берүүчү документтерди тариздөөдө, курулуш долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүдө жана контролдук-көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырууда мыйзам талаптарынын сакталышы маселелери каралды.

"Административдик жол-жоболордун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышына, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө, ошондой эле Кыргызстандын президентинин ишкердик субъекттерине карата текшерүүлөрдү жүргүзүүгө киргизилген мораторий жөнүндө актыларынын талаптарынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүмдөрүнө келтирилген жүйөлөрдү текшерүү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аракеттерине укуктук баа берүү жана негиздер болгон учурда прокурордук чара көрүү тапшырылды.

Мыйзамдарды жана административдик жол-жоболорду өркүндөтүүнү талап кылган системалуу маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштелип чыгат.

Берилген тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынды.