Курултайдын жемиши: Бүргөндү каналын кеңейтүү иштери башталды

Аймак 19 Июнь 2026 10:35
1.jpg
725120294_1548017836691666_5296585487409866678_n.jpg
725361085_1548017810025002_3231503243731589033_n.jpg
725547048_1548017860024997_762035765319322347_n.jpg
725767198_1548017726691677_8862517869199937556_n.jpg
726525558_1548017703358346_936581074255291825_n.jpg
726564661_1548017653358351_2737926172117455659_n.jpg
726577555_1548017756691674_5650878786100666019_n.jpg
726645505_1548017560025027_2965663617309699236_n.jpg
726954139_1548017550025028_2913002206025954152_n.jpg
727519304_1548017773358339_3029700834845467003_n.jpg
727551134_1548017610025022_8872700458511588110_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Кадамжай районунда Бүргөндү магистралдык каналын кеңейтүү жана реконструкциялоо иштери башталды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул маселе Элдик курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн.

1976-жылы курулган каналды жаңылоо долбоору ири көлөмдө болгондуктан, жумуш үч этап менен жүрөт. Биринчи этапты ишке ашырууга мамлекет тарабынан 1 млрд 579 млн сом каралган.

"Учурда курулушка керектүү материалдарды өндүрүү үчүн асфальт-бетон заводу курулуп, даярдыктар көрүлүүдө. Негизги бетон курулмалары сугат мезгили аяктаган соң орнотула баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Долбоор толугу менен ишке ашкандан кийин каналдын узундугу 31 чакырымдан 49 чакырымга чейин узарып, суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү секундуна 18 куб метрден 30 куб метрге чейин көбөйтүлөт. Ошондой эле 10 миң гектардан ашуун сугат жерин суу менен камсыздоо жакшырып, 2 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

Белгиленгендей, бул ири долбоор аймактагы сугат суу тартыштыгын чечип, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн жогорулатууга шарт түзөт.