Курултай делегаты: Ата мекендик учак менен борборго арзан уча баштадык

Аймак 03 Апрель 2026 12:55
660542523_1484250476401736_7430198470336952216_n.jpg
657309302_1484250483068402_84804302813341812_n.jpg
658363632_1484250513068399_6048303473738189946_n.jpg
661706531_1484250596401724_2005481416027563808_n.jpg
660178117_1484250526401731_6060732999606001493_n.jpg
Алдыга
Артка
660542523_1484250476401736_7430198470336952216_n.jpg
657309302_1484250483068402_84804302813341812_n.jpg
658363632_1484250513068399_6048303473738189946_n.jpg
661706531_1484250596401724_2005481416027563808_n.jpg
660178117_1484250526401731_6060732999606001493_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. III Элдик курултайдын делегаты, Лейлек районунун тургуну Ысак Пазыловдун демилгелеген Раззаков шаарына авиакаттамдарды көбөйтүү маселеси чечилди. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылга чейин өлкө борборунан эң алыс жайгашкан Раззаков шаарына жумасына бир гана жолу каттам аткарылып келген. Мындан улам Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары борбор калаага баруу үчүн 1200 чакырым жолду автоунаа менен 20 саатка чейин жүрүүгө мажбур болушкан.

Бүгүнкү күндө делегаттын жана жергиликтүү тургундардын суранычы толук аткарылып, Бишкек — Раззаков — Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар жумасына 6 ирет аткарыла баштады.

Ата мекендик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын ишке кириши жана мамлекеттик учактардын каттамга коюлушу баалардын төмөндөшүн шарттады:

  • Мурда жеке авиакомпаниялардын билеттери 8 000 сомго чейин жетип, калктын чөнтөгүнө оор болгон.
  • Азыр жаңы авиакомпаниянын сайты аркылуу билеттерди 4 800 сомдон баштап жеткиликтүү баада алууга болот.

Белгилей кетсек, 2026-жылдан тарта президент Садыр Жапаровдун чечими менен ички авиакаттамдардын баасын арзандатуу үчүн мамлекет чыгымдардын бир бөлүгүн өзүнө алды. Натыйжада өлкө ичиндеги аймактарга болгон авиакаттамдардын баасы базар баасынан бир топ төмөн белгиленди.