Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Окуучу таңкы тамакты ичпесе, көңүл буруусу начарлап, баш айлануу, ич оору пайда болот, ошондой эле окуу материалын түшүнүүгө тоскоолдук жаралат. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун тамак-аш бөлүмүнүн жетекчиси Эркайым Кадыралиева билдирди.
Анын айтымында, балдардын 75–80%ы үйүнөн тамактанат, ал эми калгандары ысык тамакты мектептен ичишет. Эртең мененки тамак баланын бир күнүн энергия менен камсыздап, сабакты кунт коюп угуусуна жардам берет.
“Өт эртең менен тамакты сиңирүү үчүн иштеп баштайт. Эгер бала эртең менен тамактанбаса, ичи ооруп же башы айланышы мүмкүн. Курсагы ач бала окуу материалын жакшы кабыл албайт”, — деп түшүндүрдү Кадыралиева.
Адистин пикиринде, эртең мененки тамакта ботко (250–300 г), чөп-чар, колбаса же жумурткасы бар, май сүйкөлгөн нан, ичкенсе сүттүү какао, чоң класстарга кофе болушу керек.
Кадыралиева белгилегендей, уйку режимине да көңүл буруу маанилүү. Кечки саат 21:00–22:00гө чейин бала уктоосу керек, эртең менен 6:00–7:00дө ойгонушу шарт.
“Ата-энелер балдарынын күнү сергек өтүшү үчүн буларга жакшы маани бериши кажет”, - деди адис.