Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Күрпсай жана Таш-Көмүр суу сактагычтарына 150 миң карп-сазан балыктары кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан үч балык чарба субъектиси — "Аква Сервис", "Рязан форель" ЖЧКлары жана "Базарбаев" ЖИ тарабына Курпсай жана Таш-Көмүр суу сактагычтарына 0,25-2 грамм салмактагы 150 миң даана карп-сазан балыгынын чабактарын кое беришти.