Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери аяктап, унаа кыймылы үчүн ачылды.
Мэриядан билдиришкендей, жол оңдоо иштеринин жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылды:
- Фрунзе көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки жылуулук түтүктөрү толугу менен жаңыртылды;
- көчөнүн кеңдиги мурдагы 12–16 метрден 21 метрге чейин кеңейтилди;
- жалпы калыңдыгы 11 см болгон эки катмар асфальт төшөлдү;
- жаңы бордюрлар жана жол белгилери орнотулду.
Белгилей кетсек, бул жол алты тилкелүү болуп, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлю жана велосипед жолдору курулду.