Бишкектеги Курманжан датка көчөсү мөөнөтүнөн 50 күн мурда ачылды

Коом 11 сентябрь 2025 09:15
f7ef07fb-8eee-4b51-9988-0c85e8316a6a.jpeg
8352de78-4592-4f09-83bd-faa14ce174ca.jpeg
0e59da64-247d-4abf-8df7-245dfa6dfa54.jpeg
08a5d206-49db-49a5-874a-406b510aef86.jpeg
Алдыга
Артка
f7ef07fb-8eee-4b51-9988-0c85e8316a6a.jpeg
8352de78-4592-4f09-83bd-faa14ce174ca.jpeg
0e59da64-247d-4abf-8df7-245dfa6dfa54.jpeg
08a5d206-49db-49a5-874a-406b510aef86.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясы

Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Бишкекте Курманжан датка көчөсүнүн реконструкцияланган бөлүгү мөөнөтүнөн эрте пайдаланууга берилди.

Мэриядан билдиришкендей, кечээ, 10-сентябрдан тарта саат 18:00дөн баштап Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки алты тилкелүү тилке унаа кыймылы үчүн ачылды.

Мунун натыйжасында Курманжан Датка көчөсү менен Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектисине чейинки кыймыл толугу менен жанданды.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев объектти жеринен көрүп чыгып, тургундар менен баарлашты. Ал тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо боюнча милдеттерди муниципалитет өз убагында аткарарын белгиледи.

Реконструкциянын алкагында аткарылган иштер:

  • Фрунзе көчөсүнөн Салиев көчөсүнө чейинки жылуулук трассалары жаңыланды;
  • жолдун туурасы 12–16 метрден 21 метрге чейин кеңейтилди;
  • жалпы калыңдыгы 11 см болгон эки катмар асфальт төшөлдү;
  • жаңы бордюрлар жана жол белгилери орнотулду.

Алдыдагы иштер:

  • туурасы 3 метр тротуар куруу;
  • туурасы 2 метрлик веложол куруу;
  • көчөнүн эки тарабына сугат каналдарын салуу;
  • жашыл зона түзүү;
  • аялдамаларды орнотуу жана көчөнү жарыктандыруу.

Эске салсак, келишим боюнча реконструкцияны аяктоо 2025-жылдын 30-октябрына белгиленген. Бирок шаар тургундарына ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында иштер мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлдү.