Курманов: Президент бардык нерсени өз аты менен атады, мындай чанда кездешет

Пикир Загрузка... 24 Сентябрь 2025 15:39
363997.jpg
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Тарыхчы, коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов "Кабар" агенттигине берген комментарийинде Кыргызстандын президентинин БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарындагы сөзүнө баа берди. Ал мамлекет башчынын сөзү өтө конкреттүү жана мазмундуу болгонун, Кыргызстан карманган позицияларды так белгилегенин жана анын айткандары өлкөбүздө да, республиканын чегинен тышкары да саясатчылар жана эксперттер тарабынан талкууга алынарын белгиледи.

«Бул сөз бардык мурдагы президенттерибиздин сөздөрүнөн мазмуну жана эл аралык кырдаалга берген баасы боюнча абдан айырмаланат. Мамлекет башчы азыркы Кыргызстандын калыптанышы кандай жүрүп жатканы тууралуу кыскача айтып берди. Ири державалардын санкциялык саясатына карата сын айтты, дүйнөдө болуп жаткан согуштарга жана чыр-чатактарга карата позициясын так белгиледи. Жакынкы Чыгыш маселесин чечүү негизинен ишке ашкан жок. Бир гана жол калды — бул Палестинага көз карандысыздык берүү. Баары жөнгө салынат деген кепилдик жок, бирок мүмкүнчүлүк бар. Бул акылга сыярлык нерсе.

Садыр Жапаров Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймактардагы чечилбес болуп көрүнгөн маселелер кандайча чечилгенин айтып берди. Бул маселелер дээрлик 30 жылга созулуп келген. Эгемендүүлүк жылдарынын баары тең чыр-чатактар, кагылышуулар, баңгизаттарды жана башка контрабандалык жолдор менен ташуулар менен коштолуп келген. Өз кирешең жана пайдаң эмес, жөнөкөй адамдар жөнүндө кам көрүү маанилүү. БУУнун Башкы ассамблеясында ал өзүн президент катары эмес, жөнөкөй чөйрөдөн чыккан карапайым адамдардын кызыкчылыктарын жакшы түшүнгөн адам катары тааныштырды.

Ал бардык нерселерди өз аты менен атады. Минтип айтуу өтө сейрек кездешет. Адатта президенттер менен дипломаттар мындай трибуналарга чыгаар алдында аларга тигил же бул тайманбас билдирүүлөр лидердин өзүнүн да, өлкөнүн да кийинки тагдырына өтө терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эскертишет.

Ошондуктан көптөгөн жетекчилер дипломатияны көрсөтүп, бүдөмүк сөздөрдү, түшүнүксүз сүйлөмдөрдү колдонушат. Ал эми президент бул ирет дипломат катары эмес, өзүнүн үмүт-тилектерин айтып берген жөнөкөй адам катары сүйлөдү. Ошондуктан ал залда катуу кол чабууларга ээ болду жана аны терең көңүл буруу менен угушканы сезилип турду. Ал бул трибунада 3 жолу кооз нерселерди сүйлөгөнүн айтып, бирок бүгүн ал карапайым адам катары сүйлөйм дегени жакшы болду. Ал өзүнө жөкөйлүгү менен көңүл бурдурду. Анын сөзү терең таасир калтырды.

Биз Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү боло алабыз деп ишенем. Ал БУУнун 60% мүчөлөрү Коопсуздук Кеңешине эч качан кирбегени боюнча туура айтты. Бул - чечим кабыл алган негизги орган.

Жапаровдун сөзүн белгилүү ораторлордун, көрүнүктүү саясатчылардын сөздөрүнө салыштырууга болот. Кыргыз президентинин акыркы билдирүүлөрү көңүлдү бурдуруп, шыктандырды. Биз кичинекей өлкөбүз, газ жана мунай жок болсо дагы, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууну үйрөнүшүбүз керек, ошондо биз менен эсептешет, бизди угушат. Биз баары бир байыркы улутпуз да», - деп жыйынтыктады Зайнидин Курманов.