Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Коомдук жана саясий ишмер, профессор Зайнидин Курманов Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жана Борбор Азия мамлекеттери менен Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун жыйынтыктарына баа берип, бүгүнкү күндө тараптар достукту гана эмес, экономикалык өнөктөштүктү дагы чыңдоого багытталган жаңы көпүрөлөрдү куруп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Азербайжандын союздаш өлкөлөргө айланышы эки тараптуу мамилелердеги маанилүү дипломатиялык жетишкендик болуп саналат.
"Азыр Азербайжан биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз. Эки өлкөнүн кызматташтыкты өнүктүрүүгө жетишкендиги эки тарап үчүн тең чоң артыкчылык. Бул татаал мезгилде Азербайжан мунай жеткирүү жана гидроэнергетика тармагына инвестиция салуу аркылуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул Кыргызстандын гана эмес, жалпы Борбор Азиянын туруктуулугуна салынган инвестиция", – деди ал.
Курманов ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкөнүн аймактагы стратегиялык маанисин арттырарын белгилеп, Кыргызстан да өнөктөш мамлекеттер үчүн маанилүү транзиттик өлкөгө айланарын айтты.
Анын пикиринде, Азербайжандын Борбор Азия мамлекеттеринин консультативдик жолугушуусуна толук кандуу катышуучу катары кошулуусу аймактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат.
"Эми негизги маселе – Азербайжан менен кызматташууну экономикалык өсүшкө жана өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө кантип натыйжалуу пайдалануу. Өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр көрсөткөндөй, аймактагы өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Саясий лидерлер бул үчүн эң ылайыктуу чечимдерди табат деп ишенем", – деди Зайнидин Курманов.