Курманкул Зулушев: Мамлекеттик кызмат – түбөлүктүү орун эмес

Аймак Загрузка... 12 Февраль 2026 11:30
2020-04-02_15-59-55.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Курманкул Зулушев парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди.

"Бүгүн күтүлбөгөн окуя болду. Мамлекеттик кызмат – бул жеке менчик эмес. Мамлекеттик кызматка келген ар бир адам эртеби-кечпи кетүүгө туура келерин эстеши керек", - деди ал.

Депутаттын айтымында, Нурланбек Тургунбек уулу өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын тапшырып, саясий эрк көрсөттү.

"Мамлекеттик кызмат – бул түбөлүктүү орун эмес, мындан трагедия жасоонун кереги жок", - деп белгиледи Зулушев жана ага ийгилик каалады.

Ошондой эле депутат акыркы окуяларга байланыштуу президент Конституциялык сотко кайрылганын жана ал мыйзамдуу чечим кабыл аларын билдирди.

Зулушев 2020-жылдан бери мамлекет калыптануунун татаал этабынан өткөнүн баса белгилеп, бул процессте өлкө жетекчилигинин салымы чоң экенин белгиледи.

Сөзүнүн аягында ал президент Садыр Жапаровго ийгилик каалады.