Курман айтта 11 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт

Коом 5 июнь 2025 12:00
494308651_1099.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
503895961_1099.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
494308651_1099.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
503895961_1099.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 05.06.05. /Кабар/. Эртең, 6-июнда республика боюнча мечиттерде жана ага жакын аймактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту 11 миңден ашык милиция кызматкерлери камсыздайт. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Курман айт майрамына даярдык көрүүнүн алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук жайларда коомдук тартипти камсыздоо жана мүмкүн болуучу укук бузуулардын алдын алуу боюнча ыкчам-профилактикалык иш-чараларды күчөтүүдө.

Мындан тышкары жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда.