Курман айт сооптуу амалдардын жана руханий тазалануунун күнү — муфтий

Коом Загрузка... 06 Июнь 2025 09:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.06.25. /Кабар/. Бүгүн өлкө боюнча мусулмандар үчүн ыйык болгон Курман айт майрамы белгиленип жатат. Бул күн ислам дининде кеңири белгиленген жана өзгөчө мааниге ээ болгон майрамдардын бири. Курман айт - Алла Таалага жакындоо, момун-мусулмандардын бири-бирине боорукер мамиле кылуусу, кайрымдуулук жана сооптуу иштер менен коштолгон ыйык күн.

Бул күндүн мааниси, мусулман коомундагы орду жана өзгөчөлүгү тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров айтып берди.

Курман айт майрамынын маңызы жана өзгөчөлүгү

Жалпыңыздардын ыйык курман айтыңыздар менен куттуктайм. Курман айт арабча “курбаан” деген сөздөн алынып, мааниси жагынан Аллага жакындоону түшүндүрөт. Тактап айтканда, курман айт майрамы аркылуу момун-мусулман Аллага жакындайт. Анын ыраазычылыгын табууга аракет кылат. Бул күнү атайын курмандык чалынат, ал “удхиййа” деп аталат. Ал эми ажылар чала турган курмандыкка “хадй” деп айтылат.

Бардык момун мусулмандар үчүн эң ыйык күндөрдүн бири болуп эсептелген курман айт майрамы боорукерликтин, ыймандуулуктун нак үлгүсү. Анткени мында курмандык чалынып, колунда барлар малдын этин муктаждарга берип, мусулмандардын ортосундагы урмат-сый жана бир туугандык сезимдерин күчөтөт. Курман айт коомчулукка кубаныч тартуулап, бейпилдикти арттырып, ыймандуу, берешен коомдун түптөлүүсүнө зор салым кошот.

Курман айт майрамын кантип тосуу керек?

Курман айт исламдагы эки улуу майрамдын бири. Кадыресе дата катары өткөрүп ийбей, жакшылап даярдык көрүп, шаңдуу өткөрүүгө аракет кылуу керек. Айт күнү айт намазга жуунуп-тазаланып, жакшынакай кийинип, жыпар-жыт себинип баруу сунуш кылынат. Намаз бүткөн соң, момундар бири-бирин майрамы менен куттукташып, кучакташып, майрамдык шаттыкты бөлүшөт. Андан соң үйгө келип, курмандыктар чалынат. Дасторконго түркүн даамдар коюлуп, тамак-аш жасалып, тууган-урук, колу-коңшу чакырылып, сый көрсөтүлөт. Куттуктоолор айтылып, белек-бечкектер берилет. Ошондой эле жакын туугандарга, дос-жарларга зыяраттар жасалып, көңүлдөр алынат.

Айт намазынын маанилүүлүгү эмнеде?

Айт майрамынын мааниси абдан чоң. Ушул күнү коомдук биримдик бекемделет. Бай-кедей, улуу-кичүү дебей, баарынын башы биригип, ынтымакта жана бир туугандыкта болушат. Бул күнү жылына эки ирет гана окулчу айт намаз бар. Намазга баратканда такбир ташрик айтып баруу керек. Ал эми такбир ташрик арапа күнү башталып, 23 парз намазынан соң айтылат. Ошондой эле айттын акысы үч күн. Пайгамбарыбыз бул тууралуу: “Алла Тааланын алдында күндөрдүн эң улугу – бул “йаумун-нахр”. Андан кийин анын артынан келген “йаумул-карр” курман айттын экинчи күнү турат” деп айткан. Айт намазынын өкүмү биздин мазхабда ваажиб. Ал жамаат менен окулат. Айт намаздын каза кылып окууга болбогондуктан, кечикпегенге аракет кылуу керек.

Кимдер курмандык чалат жана кандай малдар тандалышы керек?

Курмандыкты акыл-эси жайында, кул болбогон, мусаапыр эмес жана шарият тарабынан бай эсептелген адамга чалуу милдет болот. Курмандык Алланын ыраазычылыгы ниетинде гана чалынат. Андан башка максаттарда өтүмдүү болбой калат. Мисалы, эт максатында, атаандашуу же башка кызыкчылык болсо, анда жараксыз болуп эсептелет. Курмандыкка жакшы мал жарайт. Оорулуу, начар мал жарабайт. Кудай жолуна чалынгандыктан, эң жакшылары арналышы керек. Курмандыкка кой-эчки, уй-топоз жана төө гана чалынат. Жандыктардын саламаттыгы маанилүү болгондой эле, жашы да маанилүү. Кой-эчки 1 жашка толушу керек. Кээ бир көзгө толумдуу, жакшы породалуу, эттүү 6 айга толгон чоң козулар да жарайт. Уй-топоздун 2 жашка толушу керек болсо, төө 5 же андан жогору жашта болушу керек. Дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе, кой-эчкини 1 киши сойсо, уй же төөнү 7 кишиге чейин ортоктошуп сойсо болот. Албетте, баарынын ниети Алланын ыраазычылыгы болушу шарт.

Курмандыкка чалынган эт кандайча жана кимдерге таратылышы керек?

Курмандык чалуунун убактысы зул-хижжанын 10-күнү айт намазы окулуп бүткөндөн соң башталат. Ыйык Куранда “Эми эгеңе намаз оку жана курмандык чал” деп буйрулган. Майрамдын биринчи күнү курмандык чалган жакшы. Эгер мүмкүнчүлүк болбой калса, экинчи күнү чалса да болот. Ал күнү болбой калса, айттын 3-күнү да жарайт. Курмандыкка чалынган эттин бүт баарын муктаждарга таратып салса болот. Эгер өзүнүн материалдык абалы жакшы эмес болсо, өз үй-бүлөсүнө алып койсо да болот. Бирок, сүннөткө ылайык таратуу жакшыраак. Анда эт 3 бөлүккө бөлүнүп, 1 бөлүгү муктаждарга, 2-бөлүгү тууган-урук, коңшу-колоң сыяктуу конокторго, ал эми 3-бөлүгү өз үй-бүлөсүнө алынып коюлат.

Курмандык кылуу важиб болгон адам курман айттын үч күнүндө курмандык кыла албай калса, орточо койдун наркында садака берет. Ал эми ким курмандыкка мал сатып алып, бирок аны союга үлгүрбөй калса ошол малды садака кылат.

Курман айт күнү кимдерге жардам берүү сооптуу иш болуп эсептелет?

Курман айт баарынын майрамы болгондуктан, бардык катмарга майрамдык маанай тартуулаган жакшы. Өзгөчө коомдогу аярлуу жана аз камсыз жарандарга көңүл буруу керек. Бул сооптуу иш. Айттын шарапаты менен муктаждардын көңүлү көтөрүлөт. Ошондой эле колунда барлар колундагысын бөлүшүү аркылуу Аллага жакындоо, шүгүр кылуу, байлыкка биротоло берилүү сезиминен арылат.

Курман айтта туугандарды, кошуналарды жана жакындарды зыярат кылуунун мааниси

Жогоруда айтылгандай эле, туугандарды, кошуналарды зыярат кылуу, коноктоо өтө жакшы көрүнүш. Анын маани-маңызы – ынтымак. Туугандыкты бек тутуу. Бири-биринен кабар алуу. Мындай жөрөлгөлөр аркылуу биримдик күчөп, руханий атмосфера жакшырат. Сөзүмдүн соңунда айтарым, жалпыңыздардын айтыңыздар маарек, курмандыгыңыздар кабыл болсун. Элибизде биримдик, мекенибизде тынчтык болсун.