Курман айт. Кыргызстанда 6-июнь иш күнү эмес

Коом Загрузка... 30 Май 2025 10:09
WhatsApp_Image_7Y5N.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 6-июнь иш күнү эмес. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылдын январынан тарта күчүнө кирген жаңы Эмгек кодексине ылайык, Курман Айт майрамы расмий түрдө жумуш эмес күн катары таанылган.

Быйыл бул майрам 6-июнь жума күнүнө туш келип, буга байланыштуу бул дата өлкө боюнча расмий иш эмес күн деп жарыяланды.