Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Түркмөнстандын Балкан облусунда жайгашкан Мамметкөл жана Делили суу сактагычтары катуу кургакчылыктын улам толугу менен соолуп калды. Бул тууралуу Метеожурнал сайтына жарыяланды.
Анда белгиленгендей, бул суу сактагычтар Этрек дарыясынан келген суулардын эсебинен топтолуп турган. Бирок 2024–2025-жылдагы жаан-чачындын өтө аз жаашынан улам керектүү сууну топтой албай, тескерисинче кышында да суусун жогото баштаган. Жаз да кургакчыл болгондуктан, сугат мезгилине чейин калган суулары бууланып, жерге сиңип кеткен.
2024-жылдын ноябрында Мамметкөлдүн суу бетинин аянты 3,26 чарчы чакырым болсо, Делилиндики 0,2 чарчы чакырым гана болгон. 2025-жылдын март айына карата Мамметкөл 2,5 чарчы чакырымга чейин кыскарып, Делили дээрлик кургап калган. Июндун башында Мамметкөл да таптакыр соолуган.
Бул абал андан сырткары Амударья бассейнине кирбеген дарыяларда гидрологиялык кургакчылыкты күчөтүп, Мургаб жана Тежен дарыяларынын суу сактагычтарында да суунун көлөмү кескин төмөндөгөн.