Курал-жарак жеткирүүдөгү коррупция: УКМК 244 млн сом өндүрдү

Коом 16 январь 2026 16:38
616332869_1387731923134623_6451955955765205393_n.jpg
616811689_1387731899801292_1331813525604199142_n.jpg
616297204_1387731833134632_2223369733240571638_n.jpg
616446728_1387731829801299_6346899803926921696_n.jpg
616677831_1387731989801283_2295021539123138469_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Коргоо министрлигинде курал-жарак алууда келтирилген ири зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын бири тарабынан өлкөнүн Коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 244 млн 587 миң 870 сомду түздү. Бул сумма козголгон кылмыш ишинин жана жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында толугу менен өндүрүлдү.

УКМК Коргоо министрлигинин коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда.