"Курак" тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалына катышат

Маданият 19 Август 2025 15:31
536270197_1066809928944096_5809074677609728122_n.jpg
534790250_1066809978944091_7480647538740518457_n.jpg
Алдыга
Артка
536270197_1066809928944096_5809074677609728122_n.jpg
534790250_1066809978944091_7480647538740518457_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 19.08.2025. /Кабар/. "Курак" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Пусан эл аралык кинофестивалына катышуунун алкагында болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Тасма "Азиялык көз караш" (Asian Vision) категориясында "эң мыкты азиялык тасма" сыйлыгы үчүн ат салышат.

"Курак" тасмасы Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган.

Тасманынын режиссёру маркум Эмил Атагелдиев жана Эрке Жумакматова.

Белгилей кетсек, ХХХ Пусан эл аралык кинофестивалы 17-26-сентябрь күндөрү Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтөт.