Кунарсыз жерлерди өздөштүрүүдө дыйкандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт

Коом Загрузка... 01 Июль 2025 10:10
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек 01.07.25 /Кабар/. Кыргызстандыктарга жана сыртта эмгек миграциясында жүргөндөргө кунарсыз жерлерди өздөштүрүп, киреше булагын арттыруу сунушталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кунарсыз жерлерди иштетүүдө дыйкандарга мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөт.

Белгиленгендей, учурда жалпы республика боюнча 614 миң гектар кунарсыз жайыттар аныкталган. Министрлик ушул жерлерди өздөштүрүп, Кыргызстанды жашыл аймакка айлантуу менен жакшы киреше табуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирет. 

Кунарсыз жайыт жерлерин иштетүүнү каалагандарга министрлик тарабынан, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөт. Аларга тамчылатып сугаруу системасын орнотуу, жеңилдетилген насыя алуу, туура, сапаттуу көчөттөрдү, үрөндөрдү тандоодо тажрыйбалуу адистерден кеңеш алуу жана башка ушул сыяктуу колдоолор каралган.