Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында кубаттуулугу 80 МВт электр энергиясын өндүрө ала турган уникалдуу "Агровольтайка" долбооруна старт берилди.
Уюштуруучулардын айтымында, "Агровольтайка" долбоору күн панелдерин орнотуп таза электр энергияны өндүрөт. Муну менен катар орнотулган күн панелдеринин астына айыл-чарба продукциялары өстүрүлөт. Аталган уникалдуу долбоор кыргызстандык жаш ишкерлер "Жашыл Тилек" ЖЧКсы менен чогуу ишке ашырып жатат.
Компаниянын директору Марат Айдаров учурда 100 гектар жерге күн панелдерин орнотууга старт берилгенин билдирди.
"Биздин долбоор – бул күндүн гана энергиясы эмес, бул келечектин энергиясы. Композиттик материалдардын жардамы менен биз жеңил жана ишенимдүү конструкцияларды түзүп, энергетика менен айыл чарбаны айкалыштырабыз. "Жашыл Тилек" Кыргызстандын инновацияларынын жана туруктуу өнүгүүсүнүн символуна айланат", - дейт ал.
Ошондой эле Марат Айдаров "Агровольтайка" долбоору Кыргызстанда таза, жашыл энергетика тармагына салым кошуу менен өлкө экономикасына түз салымын кошо ала турганын белгилейт.
"Агровольтайка" долбооруна жалпы 32 млн доллардын тегерегинде инвестиция тартканга жетиштик. Курулуштун баасы болсо 1 кВт кубаттуулукка 400 доллардан каражат жумшалат. Жылына биз 160 млн кВт/с таза электр энергия өндүрүүнү пландап турабыз", - дейт Айдаров.
"Агровольтайка" долбоору салттуу булактарга (ГЭС, РЭС) болгон жүктү азайтып, көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн кыскартып, Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын арттырат.
Ошондой эле айыл чарба жерлерин үнөмдүү колдонуу менен түшүмдүүлүктү арттыруу, жергиликтүү жашоочуларды туруктуу жумуш менен камсыздоого да түздөн-түз салымын кошот.
"Күн панелдеринин астына клубника, карагат сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрөбүз. Биринчи этапта эле жылына 2500 тоннадан ашуун кулпунай өндүрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. "Агровольтайканын" дагы бир канча артыкчылыктарын санай кетсем, биринчиден суунун буулануусун азайтып, сууну үнөмдөйт. Экинчиден өсүмдүктөрдү күндүн түз нурунан коргойт. Үчүнчүдөн жерди бир эле учурда энергетика жана айыл чарба үчүн пайдаланууга шарт түзөт",- деди ал.
Долбоордун технологиялык өзгөчөлүгү жана натыйжалуулугун башкы подрядчик Динахмед Исламов төмөнкүдөй түшүндүрдү: "Биз орното турган күн панелдери 25 жыл ашыгы менен иштеп бере алат. Инновациялык конструкциялар композиттик материалдардан жасалган. Алар кадимки металл конструкцияларына салыштырмалуу жеңил жана бышык. Жарык жана аба өткөрүүчү конструкциялар, өсүмдүктөр үчүн ыңгайлуу микроклимат түзөт. Ошондой эле шамалга туруктуу. Энергия менен түшүмдү бир убакта көзөмөлдөгөн мониторинг системасы да бар", - деди Исламов.
Ал эми "Агровольтайка" долбоорунун аймак, анын ичинен Лейлек району үчүн мааниси чоң. Долбоорго капсула салган Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева "Агровольтайка" Тогуз-Булак айылын дотациядан чыгарып, элдин турмуш-шартын жакшыртууга жол ачат деп ишенет.
"Тогуз-Булак айыл өкмөтү канча жылдардан бери дотацияда отурган айыл өкмөт болуп саналат. Аталган долбоор айылды дотациядан чыгарууга да түз салымынын кошуп жатат. Инвесторду тартып келүүдө эл өкүлү катары эки жылдан ашык аракетимди жасадым. Чындыгында мурдагы чек ара чырларынан кийин бизге инвесторлор келбей калган. Мына ошондон бери биздин районго келген алгачкы инвестор деп айтсам болот" -деди депутат.
Белгиленгендей, күндөн электр энергия өндүрүү менен бир эле учурда агро өсүмдүктөрүн да өстүрө ала турган "Агровольтайка" долбоору "Жашыл Тилек" ЖЧКсынын алгачкы стартап аракети.
Айдаровдун айтымында, Кыргызстанда иштетилбей жаткан жерлер көп. "Ал жерлердин баарынан эффективдүү түшүм алууга болот. Күн панелдеринин астынан түшүм алуу деген чындыгында буга чейин Кыргызстанда болгон эмес. Алгачкылардан болуп биз ишке ашырып жатабыз. Кудай буюрса алдыда бул долбоорду ар бир районго, өлкөнүн булуң бурчуна чейин жеткиребиз", - деди Марат Айдаров.
"Агровольтайка" долбоору Кыргызстанда жашыл экономикага салым кошо алган жаңы, уникалдуу долбоор десек болот.