Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Кумтөрдүн жалпы кирешеси 5 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, 2021-2025-жылдар аралыгында Кумтөр мамлекеттик башкарууга өткөндөн кийин каражаттардын көлөмү жогорулаган.
- Жалпы киреше – 5 млрд 115 млн доллар (400 млрд сомдон көп) өндүрүштөн топтолду,
- Бюджетке салык жана башка төлөмдөр – 1 млрд 176 млн доллар (100,6 млрд сом),
- Дивиденд – 441 млн доллар (38,2 млрд сом).