Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Кумтөрдүн кирешеси 1 млрд долларга жакындады.
Тактап айтканда, 2024-жылы алтын сатуудан 989 млн доллар киреше түштү. Бул пландалгандан 250 млн долларга көп. Былтыр 12 тонна 552 кг алтын өндүрүлгөн.
Быйыл Кумтөр кенинде жер астынан алтын казуу, Тоголок кенин өздөштүрүү жана Жаңгарт аянтында геологиялык чалгындоону улантуу милдеттери турат.