Кумтөрдөн алтынды жер астынан казып алуу технологиясы мөңгүгө зыян келтирбейт – геолог

Пикир Загрузка... 27 Август 2025 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Бүгүн Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казуу иштери расмий түрдө башталды. Жер астынан алтын казуу технологиясы айлана-чөйрөгө эч кандай зыян келтирбейт. Мындай пикирин техника илимдеринин кандидаты Ишимбай Чунуев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кенди жер астынан казып алуунун эң башкы артыкчылыгынын бири – бул мөңгүлөргө тийбей, зыян келтирбей жаткандыгында.

“Август айында мына биринчи жолу жер астынан алтын рудаларын казып алуу башталды. Бул туура чечим болду. Мында мөңгүгө эч тийишишпейт. Алтыны жок тоо-тектерди алып чыкканда, алар кайрадан майдаланып жер астына толтурулат. Бул жер астынан кен казуу технологиясындагы өзгөчөлүктөрдөн болуп саналат. Ошондуктан бул ыкманы колдонушубуз керек. Жер астынан кен казуу ыкмасын азыр бизде көбүнесе көмүр шахталарында колдонулуп жатат. Монголиядагы ири Ою Толгой кенинде да алтын жер астынан казып алынууда”, - деди Ишимбай Чунуев.

Ошондой эле ал Кумтөр кени толугу менен мамлекеттин карамагына өткөнүнө 3 жыл болгонун, киреше өлкө казынасына түшүп жатканын да белгилеп өттү.

“Кумтөрдө биздин мыкты адистер иштеп жатат. Алар кен казуу тармагында тажрыйба топтоп, өз ишин мыкты өздөштүрө алышты. Муну менен Кыргызстан алтын кенди өз алдынча натыйжалуу иштетип кетти. Азыр бардык экологиялык жана коопсуздук талаптары жакшы сакталууда. Кумтөрдө иштетиле элек алтындын кору бар. Ошондуктан ишкананы иштетүү зарыл. Тоголок кени сыяктуу кендерди да иштетүү кажет”, - деди геолог.

Белгилей кетсек, "Кумтөр Голд Компани" толугу менен мамлекеттин менчигине өткөнүнө 23-августта туура 3 жыл болду. 2021-жылы Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизилген. 2022-жылы Глобалдык жөнгө салуу келишимине кол коюлуп, маселе тынчтык жолу менен өлкөнүн пайдасына чечилген. 2022-жылдан 2024-жылды кошо алганда, компания 43 тоннадан ашык алтын өндүргөн. Бул убакыттын ичинде компаниянын таза кирешеси 1 млрд доллардан ашып, республикалык бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө бир топ каражаттарды төлөдү. Ошону менен бирге 3 жылда дивиденд түрүндө өлкө казынасына 441 млн ашык доллар которулган.