Бишкек, 19.07.25. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун башкы кеңсесинде металлургдардын кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Компаниядан билдиришкендей, жыйында сөз сүйлөгөн компаниянын жетекчиси Бузурман Субанов ишкананын металлургдарына кайрылып, бул кесипти күчтүү адамдар гана тандай турганын баса белгиледи.
"Металлург – бул эрктин, чыдамкайлыктын жана максатка умтулуунун символу. Бул кесипке кокусунан келген адамдар жок. Ар бириңиздер сый-урматка татыктуусуздар, анткени бийик тоо шартында, мезгил мезгили менен үй-бүлөдөн алыс иштөө ар кимдин колунан келе бербейт. Жалпы ишибизге кошкон зор салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем, – деди ал.
Ошондой эле Субанов бүгүнкү күндө Кумтөрдүн металлургдарынын аракети менен сыймыктана турган жакшы ийгиликтер көп экенин айтты.
"Өткөн жылы өлкөнүн бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 16,1 млрд сом которулган. Ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза киреше 13,3 млрд сомго жетти. Салыштырмалуу, былтыр ошол эле мезгилде бул көрсөткүч 9,6 млрд сомду, ал эми 2023-жылы 8,9 млрд сомду түзгөн", - деди компания башчысы.
Иш-чаранын алкагында "Кумтөр Голд Компанинин" ийгилик жараткан кызматкерлерине ыраазычылык баракчалары, грамоталар жана корпоративдик медалдар тапшырылды.